Google компаниясы смартфондорун жана планшеттерин таштандылардан кайра иштетип чыгара баштайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 2022-жылы компания гаджеттердин курамына таштандыларды кошууга ниеттенип жатат. "Google компаниясынын жаратылышты коргоого багытталган биринчи кадамы болуп жаңы смарт колонка болот. Адистердин айтымында, балким, бул акылдуу мамыча болуп калат. Компаниянын товарлары техникалык өндүрүү, стандарттык материалдар эмес, желим бөтөлкөдөн кайра иштетилет", - деп жазылат маалыматта.