Тышкы иштер министрлиги Беларустун Кыргыз мамлекетиндеги элчилигине нота тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Тышкы иштер министрлиги Кыргыз өлкөсүндө соттолгон адам менен Беларусь президенти расмий түрдө жолукканына нааразычылык билдирип, нота тапшырды.
Беларусь президенти Александр Лукашенко Курманбек Бакиев менен жолугуп, бир нече күн мурда белгилеген 70 жылдык мааракеси менен куттуктаган.