SUPER.KG порталынын кабарчылары Нарын облустук бириктирилген ооруканасына барып, Солтон-Сары алтын кенинде чыккан чырдан жабыркагандар менен жолукту. Алар андагы жаңжалдын кандайча башталганын, окуянын чоо-жайын айтып беришти.
Адилет Курмановдун мурду сынып, бели, буту, колдорунан жаракат алган. Учурда дарылануусун улантууда. Алар чырдын келип чыгышы боюнча төмөнкүлөргө токтолду.
"Биз, досум экөөбүз жумуштар менен тоого баратканбыз, жолдон машинанын суусу ысып кетип токтодук. Жаныбызда кытайлык жумушчулар бар эле, аларга суу сурап кайрылдык. Бирок алар бизди түшүнбөй калыштыбы, ысык суу чачып жиберишти да артынан 15 чактысы чыгып, колдорундагы күрөк, кетмен, айтор эмне болсо ошо менен чапкылап башташты. Биз болгону коргонууга аракет кылдык. Араң дегенде алардан качып кутулдук. Азыр дарыгерлер жакшы карашууда. Баш мээм көбүрөөк чайкалыптыр, башым айланып жатат. Айрымдар бизди өздөрү ичип алып ызы-чуу салышкан деп айтып жатышат, бирок наркологиядан таза чыктык", - деди Курманов.
Ал менен чогуу тоого бара жаткан досу Жайыр Темир уулу ошол күнү унааны башкарып бара жаткан. Айтымында, Адилет Курмановдун ата-энеси жана өзүнүн иниси Тер-Суу жайлоосунда болгондуктан алардан кабар алуу үчүн жолго чыгышкан. Алар Оттук айылынын тургундары.
"2-августта Адилет досум экөөбүз Кер-Суу жайлоосуна бара жатканбыз. Жолдон унаамдын суусу ысып кеткендиктен токтоп калдык. Жаныбызда кытайлык компания бар экен, суу суроо үчүн алар жаткан чатырга бардым. Бирок тил билбегендиктен унааны көрсөтүп суу деп жаңсадым. Алар түшүнбөй чочуп кетишти окшойт. Бири жылуу сууну мени көздөй чачып жиберди. Анын артынан 10-15 жумушчусу колундагы күрөк, кетмен дагы башка куралдары менен бизди көздөй келип, чапкылап жатышты. Биз качып, айланадагыларды жардамга чакырдык. Бизге электрошокер да колдонушту. Машинага жетип келип от алдырсам от алды, ошону менен качтык. Жолдо келе жатканда бир колум иштебей калды, башымдан кан агып, көзүм тунарып, эсимди жоготтум. Эсиме келсем унаа менен бир чуңкурда жатыптырбыз. Досумду амансыңбы деп сурадым, ал да кан болуп отуруптур, экөөбүз араң унаадан түштүк, ошол учурда бир агалар өтүп бара жаткан экен ошолор Оттук айылына алып кетишти.
Андан кийин ооруканага, РИИБге, экспертизага, наркологго бардык. Бирок облустук оорукана орун жок деп кабыл албай койду. Кайра үйгө кайтып баратып башым ооруп чыдабай калганда арак ичсем айыгып кетет го деп 2-3 стакан арак ичтим. Ага чейин ичкен эмесмин. Эми айрымдар бизди өздөрү мас болуп барып чыр салган деген туура эмес кепти таратып жатышат.
Азыр абалым жакшы, кыргыз төшөктө өлгөнү жатса да "жакшы" дейбиз. Мен да жакшы дейин. Бирок оору кете элек. Бул жакта он күндөй дарыланабыз, андан айыкпасак борборго барып жакшы клиникалардан дарыланабыз", - деди ал.
Бактыбек Жаналиев кийин жергиликтүү тургундар менен кошо Солтон-Сарыга баргандардын бири.
"Кытай жумушчуларын тоодон ылдый түшсүн деп жатканбыз, бирок түшпөгөндүктөн техникасын айдап кетсин дейбиз деген ойдо барсак, таш ыргыта башташты. Ошондо таш мурдума тийген эле, бир кезде эсимди жоготтум. Ойгонсом жанымда бир чоочун киши отуруптур. Туруп алып элдин шары менен жүрө бердим, кийин башым айланып, кан токтобой баштаганда ооруканага бардым.
Эл менен кошо Солтон-Сарыга барганга мажбур болдум. Анткени адегенде өзүмдүн көздөрүм чылпактап, кийин балдарымдын көздөрү чылпактап баштады. Көз талып ооруйт, кийин малдын көздөрү да ошенте баштады. Мындан улам кен иштеткендерге каршы чыгууга мажбур болдум", - деди Жаналиев.
Саламаттыкты сактоо министрлиги буга чейин кытайлык компаниянын 20 жумушчусу жабыркап, ооруканага жаткырылганын маалымдаган.