КҮНСОБОЛ: Жолду тосуу кылмыш болуп саналат. Анда элдин үнүн ким угат? Депутат Мирлан Жээнчороев: "Эл көйгөйүн тынчтык митинги аркылуу айтса болот"

Солтон-Сарыда алтын кенин иштеткен кытай компаниясы менен жергиликтүү тургундардын чырына чекит коюла элек. Кечээ, 6-августта компаниянын ишмердүүлүгүнө каршы чыгышкан жергиликтүү тургундар талаптарына бийлик кулак салсын деген максатта Бишкек-Нарын-Торугарт жолун жабабыз деп Он-Арча айылына келишип, боз үй тигишкен.

2014-жылы Кылмыш-жаза кодексине киргизилген түзөтүүлөргө ылайык, стратегиялык маанидеги унаа жолун мыйзамсыз тоскондор кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

SUPER.KG порталы "Жолду тосуу кылмыш болуп саналат. Анда элдин үнүн ким угат?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороевдин пикиринде, эл жол тосуу аркылуу эмес, тынчтык митингин өткөрүп талаптарын айтса болот. "Митинг өткөрүүгө конститутуциялык укугубуз жана тынчтык митинги тууралуу мыйзам бар. Анда митинг өткөрүүнүн эрежелери болот. Эл үнүн тынчтык жолу менен, куралсыз жеткириши керек. Талаптарды чогулуштар менен чечишибиз шарт. Алдын ала эскертүү жөнөтүү зарыл", - дейт Жээнчороев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан