Ырчы Мурат Ниматов чыгармасын саткан акчага клип тарттырды

Чыгармачылыкка аралашып, аз да болсо күйөрман топтоого жетишкен ырчы Мурат Ниматов чыгармасын сатып, андан алган акчага клип тарттырганын айтты.

"Таарынчагым" деген чыгармамды жазып, Инстаграм аркылуу жарнамалап жаткам. Ошондо казакстандык бейтааныш бирөө жеке кат жазып, ырымды сурады. Мен ойлонуп көрөм деп койдум. 3-4 күндөн кийин дагы башка бирөө ырымды сурап кайрылды. Бирок чыгармамды бергим келбей баш тартып койдум. Үчүнчүсүндө казак ырчысы Аршын Жолдасхан "чыгармаңды мага сатпайсыңбы?" деген сунуш жасады. Макул болуп, ырымды бердим. Ошол учурда ырыма клип тарттырайын деп жүргөм. Акчаны клипке жумшадым.

Ал эми чыгармамды сатып алган Аршын Жолдасхан учурда клип тарттырып жатыптыр", - дейт ырчы.

Учурда Мурат Ниматов жаңы чыгармаларды жаратуунун үстүндө иштеп жатканын кошумчалады. Ырчынын репертуарында "Гүл кыздар", "Студент кыз", "Махабатым арманым", "Таарынчагым" деген чыгармалары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
arena2014
2019-08-07 16:06:23
Биз кыргыздар таныбаган ырчылардын ырларын кайсы казактар таныйт экен?
+1
uz.nookat
2019-08-07 16:52:57
ошондо канчага сатты экен аа
+1
batleybesh
2019-08-08 01:15:13
Биринчисине жок дептир экинчисине жок дептир учунчусунда макул болуп тур, кыз турмушка чыгып аткандай уч жолу сураптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан