КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева шашылыш билдирүү жасады. Анын айтымында, атайын даярдыктагы жоокерлер Кой-Ташка барышты.
27-июлда Ички иштер министрлиги экс-президент Алмазбек Атамбаев сурак берүү үчүн келүүгө милдеттүү экенин билдирген.
Окуянын чоо жайы:
Алмазбек Атамбаев 8-июль күнү биринчи жолу, 10-июль күнү экинчи жолу, 18-июль күнү үчүнчү жолу ИИМге суракка чакыртылган. Суракка чакырууга байланыштуу бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басыңыз.
27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Экс-президенттин адвокатынын айтымында, парламенттин бул чечими мыйзамсыз.
Алмазбек Атамбаевди коргоо максатында 22-июнь күнү "Элдик штаб" түзүлгөн. Ошол күндөн тарта экс-президент Кой-Таштагы үйүндө тарапташтары менен жолугушууларды өткөрүп келет. Ага байланыштуу бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басыңыз.