Бүгүн саат 20:20да Чүй облустук "Тез жардам" кызматына Кой-Таш айылынан билдирүү түшкөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматынын 5 бригадасы жана кошумча Бишкек шаарынын "Тез жардам" кызматынын 3 бригадасы жөнөтүлдү. Жаракат алган жарандарды Чүй облустук ооруканасы, Улуттук госпиталь жана Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору кабыл алууга даяр. Медициналык кызматкерлер жардам көрсөтүүгө керектүү бардык дары-дармектер менен камсыздалган деп айтылат маалыматта.