Бүгүн, 7-августта Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо иштери УКМКнын атайын даярдыктагы жоокерлери тарабынан жүргүзүлүп жатканын аталган комитеттин басма сөз кызматынан билдирди.
"Атамбаевди кармоо боюнча атайын операциясы уланып жатат. Операциянын жүрүшүндө ок атуучу курал колдонулган жок. Учурда жеринде тергөө иш-чаралары уланып жатат", - деди маалымат кызматынан.
Ал эми саат 21:48ге карата (Бишкек убактысы боюнча) орусиялык ЖМКлар Алмазбек Атамбаевдин кармалганын жазып чыгышты. Өздүк булак экс-президент Алмазбек Атамбаев жарым саат мурда эле кармалганын, бирок аны үйүнөн чыгара албай жатышканын билдирди.