Орусия ЖМКлары: "Атамбаевди кармоо операциясы тууралуу Путинге маалымат берилди"

Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы тууралуу Орусия президенти Владимир Путинге маалымат берилди. Учурда Орусия лидери бул окуядан кабардар болуп турат. Бул тууралуу орусиялык ЖМКлар Кремлдеги жеке булактарга таянып жазып чыгышты.

Азыркы тапта Атамбаевдин үйүндө операция уланууда. Анын бир нече тарапташтары жаракат алышты. УКМК операция учурунда атайын даярдыктагы жоокерлер желим ок колдонуп жатканын маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан