Президент Сооронбай Жээнбеков бир жумалык кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн токтотуп, Бишкекке жөнөдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Мамлекет башчысы эмгек өргүүсүнө 5-августта чыккан. Кой-Ташта бүгүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күчтөп кармоо операциясы жүрүүдө.