Кой-Таштагы жаңжалдан жабыркагандардын саны 45ке жетти. Жабыркагандардын арасында Чүй ОИИББинин жетекчиси бар экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.
8-августта түнкү саат 03:00гө карата маалымат берилди.
Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы ооруканаларга кайрылгандар:
- 22 адамдын баш мээси чайкалган. Алардын арасында Чүй ОИИББинин жетекчиси бар.
- 13 киши резина огунан жаракат алган;
- 2 адам денесинен түрдүү жаракаттарды алган;
- 4 киши октон жаракат алган;
- 4 адам ар түрдүү жеңил жаракаттарды алган. Алардын бирине амбулатордук жардам көрсөтүлдү.
Дагы бир атайын даярдыктагы жоокер алган жаракатынан улам каза болду.