Ички иштер министрлиги иликтөө иштеринин жүрүшүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушунда тиешеси болгонун билдирди.
"Кылмыш иштин материалдарында Атамбаевдин тапшырмасы менен Батукаевге жалган оор диагноз коюлуп, мыйзамсыз бошотуу уюштурулган" деп жазылат маалыматта.
ИИМ Атамбаевди сурак берүүгө үч жолу чакырган. Бирок ал суракка барган эмес.
Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүрдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 45тен ашык адам жабыркады. Атайын даярдыктагы жоокерлеринин бири каза болду.