Башкы прокуратура Кой-Таштагы башаламандыктан 22 спецназ жана ИИМдин 2 кызматкери жаракат алганын билдирди

7-августта Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин ортосунда чыккан жаңжалдан жалпысынан 46 адам жаракат алып, 1 спецназ каза болду. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 264-берене (массалык башаламандык) жана 266-берене (бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын бүгүн саат 8:00гө карата берген маалыматында жаракат алгандардын 22си УКМКнын атайын даярдыктагы жоокерлери болгон. 1 жабырлануучу Ички иштер министрлигинин кызматкери, дагы бирөө Чүй ОИИББинин башчысы. Ал эми калган 23 адам Атамбаевдин тарапташтары.

Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында атайын даярдыктагы жоокерлердин тарапташтар тарабынан кармалышы боюнча факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 244-берене (барымтага алуу) менен катталып, сотко чейинки тергөө амалдары башталды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Alixan-Nookat.2015
2019-08-08 11:00:02
Атамбаев жооп берсин мыйзам алдында элге жашынбай.
0
ma2as
2019-08-08 11:05:25
Уят эле . Бир адамды кармай албай ортодо куноосу жок адам отуп кетти . Тартип болбогон мамлекетте эч качан жылыш болбойт . Кээде кучтуу болушунча колдонбосо , эл деген элбиз да , ар бирибиздин ойубуз , коз карашыбыз башка .
-4
010288
2019-08-08 11:49:54
Атамбаева эшек кырчындай жаш омурлор кетти.Ал балдардын богуна татыбайт эленер бийликтегилер
+2
Altyn2017
2019-08-08 12:10:40
катуу чара корүш керек ашага камаш керек аны ошо тарапташтары менен
-4
Samar90
2019-08-08 12:45:10
Ушул алкаш надаел кылды барда кунон жок болсо сурак бер
-1
toktor89
2019-08-08 13:00:04
Дача сууну. Тэцти тоноду. Музейди карызга батырды майданынан жеди дагы эмне керек? Же дача суу эли эл эмеспи?
+3
sabira.1990
2019-08-08 13:32:33
мнеге минус басасынар тооба Атамбаев камалсын,кылгандары учун .Ошонун айынан куноосу жок жигит олду
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан