Атамбаев: "Тарапташтарымда курал жок болчу, мен жогору карай ок аттым"

Экс-президент Алмазбек Атамбаев тарапташтарында курал жок болгонун айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-августта журналисттерге билдирди.

"Курал менде гана бар болчу. Атайын даярдыктагы жоокерлер 3-кабатка көтөрүлгөндө 5-6 жолу жогору карай ок аткам. Тийдиби же жокпу билбейм. Эч кимге тийбегендей кылып аткам. Тарапташтарыма күнөөнү илип коюшпасын деп ачык айтып жатам", - дейт Атамбаев.

Кечээ, 7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операцияда күч органдары менен анын тарапташтары кагылышкан. Андан 45тен ашык адам жаракат алган. Күч органдарынын бир кызматкери каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан