Кечээ, 7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операциясында күч органдары менен анын тарапташтарынын ортосунда кагылышуу орун алган. Анын кесепетинен 45тен ашык адам жаракат алып, күч органдарынын бир кызматкери каза болгон.
Бүгүн Кой-Ташта Атамбаевдин тарапташтары таң эртеден чогулушуп, учурда алар саат 16:00гө "Форумдун" алдында белгиленген жыйынга даярданышууда.
Атамбаевдин үйүнүн айланасы кыйылган дарактар менен тосулуп, ага чейинки жолдун айрым жерлерине таштар төгүлгөн. Мындан сырткары, кечээ атайын даярдыктагы жоокерлерин алып келген 3 кичи автобус талкаланган абалда турат.