Индиянын борбордук бөлүгүндөгү суу алдында калган райондордон 132 миң адам коопсуз аймактарга эвакуацияланды. Акыркы эки аптадан бери Махараштра штатынын тургундары нөшөрлөп жааган катуу жамгырдын кесепетинен жабыркап келишүүдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазууда.
"Бир нече турак үйлөр кыйроого учурады. Нөшөрлөгөн жаан транспорт байланыштарын үзгүлтүккө учуратты. Калктын бир канча бөлүгү резина кайыктар менен өздөрү жашаган аймактардан коопсуз жайларга өз алдынча көчүп кетип жатышат. Бийлик элди эвакуациялоо үчүн күч түзүмдөрүнөн жардам сурады", - деп жазылат маалыматтарда. Суу каптаган аймактарда калган эл адамдын белчесинен келген тереңдиктеги суудан үйлөрдүн ортосуна атайын тартылган арканды карманып кургагыраак жайларга жылышууда.
Учурдагы муссондук жамгыр Индиянын акыркы 10 жылдык тарыхындагы эң күчтүү жаан болуп саналып жатканы айтылууда. Белгилүү болгондой, эки апта бою жааган жамгырдан 16 адам каза болгон. Ошондой эле калк жайгашкан аймакты каптаган сууга көл, дарыялардын суусу кошулуп, аны менен кошо крокодилдер да агып келип, элге коркунуч жаратып жатканын жазышат маалымат булактары.