"Кой-Ташта болгон окуядагы кылмыш иши боюнча тез арада жыйынтык чыгарабыз" деп бүгүн, 8-августта Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.
"7-августта 6 атайын даярдыктагы жоокер барымтага алынган. Бир кызматкер каза болду. Октон кызматкерлер, жөнөкөй жарандар жабыркады. Тийиштүү экспертизалар дайындалды. Атамбаев өзү "мен аттым" деп айтып жатат. Бул кызматкерди мен өлтүрдүм деген сөз. Кылмыш иши боюнча тез арада жыйынтык чыгарабыз", - дейт башкы прокурор.