"Спецназдар барымтага алынган эмес, алар корголуп калды" деп бүгүн, 8-августта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Анвар Артыков билдирди.
"Атамбаевди мамлекеттик күзөт коргоп жатат. Ошондо мамлекет коргоп, кайра өздөрү чабуул жасап жатканы кандай болуп калат?" - деди Анвар Артыков.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов: "Мамлекет тарабынан корголуп жаткан адам алты жыл Кыргыз мамлекетин башкарып, бүгүн мыйзамды тааныгысы келбей жатат", - деп жооп берди.
Анвар Артыков: "Куралдарды УКМКга тапшырабыз деп жатышат. Атайын даярдыктагы жоокерлер барымтага алынган жок. Алар элдин тобунан корголуп калды. Өзүңөр коргоп калдыңар рахмат деп айтышууда. Эч кандай эскертүү жок, атайын даярдыктагы жоокерлер атып баштаган", - деди.
Жамшитов жоокерлер канчалык деңгээлде макулдугу менен ошол жерде отурганын билбей турганын айтты.