Бишкек шаарындагы ири соода үйлөрүндө жана дүкөндөрдө соода кылган айрым соодагерлер товарларын алып чыгып кетип жатышкан сүрөттөр жана видеолор социалдык тармактарга таралууда. Айрым соода борборлору убактысынан эрте жабылууда. Кечээ экс-президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармоо операциясы учурундагы анын тарапташтары менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин кагылышуусу тургундарды кооптондурууда. Ошол себептен, соодагерлер мародёрлук орун алып кетпесин деп алдын ала сактанып жатышкандары айтылат.
Буга улай Бишкек шаардык мэриясы "Биз мародёрлукка жол бербейбиз" деген билдирүүсүн таратты.
"Урматтуу шаардыктар! Биз Бишкек шаарында мородёрлукка, башаламандыкка жана стабилдүүлүктүн бузулушунуа жол бербейбиз. Бишкектеги бардык шаардык кызматтар, муниципалитеттин структуралык бөлүмдөрү штаттык режимде иштеп, шаардыктарды турмуш-тиричилик муктаждыктары менен камсыздап жатат. Урматтуу бизнес өкүлдөрү жана жеке ишкерлер. Сиздерди тартипти сактап, сабырдуу болууга чакырабыз. Шаарга башаламандык алып келебиз деген ою бар адамдарды бирге тынчтыкка чакыралы. Биз бирге болгондо гана шаарыбызды башаламандык жаратуучу күчтөрдөн коргоп кала алабыз. Биз тынчтык жана стабилдүүлүк орногон шаарда жашагыбыз келет. Шаардагы коомдук тартипти укук коргоо органдарынын жардамы менен сакталарын билдиребиз жана бардык чагымчылдык иш-аракеттерге мыйзамдын негизинде баа берилерин эскертебиз".