Президент Сооронбай Жээнбеков УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевди отставкага кетирбей турганын айтты. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Жээнбеков Опумбаевди отставкага кетүү тууралуу арыз жазганын белгиледи. "Азыркы учурда отставкага кетпей, коопсуздукту камсыздаш керек" деди президент.
Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүрдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 45тен ашык адам жабыркады. Атайын даярдыктагы жоокерлердин бири каза болду.