Кой-Ташта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы кайрадан башталганы тууралуу маалымат берген кабарчыларыбыз менен байланышуу өз жыйынтыгын бере элек. Кечээ күндөн бери Кой-Таш айылында интернет жок болсо, бир саатка чукул убакыттан бери телефон байланышы да жок болуп жатат. Ошондуктан, азыркы убакытта Кой-Ташта эмне болуп жатканы тууралуу кабарсыз калуудабыз.
Буга чейин ушундай эле көрүнүш Солтон-Сары кенинде кытай компаниясы менен жергиликтүү тургундардын чырынан кийин орун алган эле.