Алмазбек Атамбаевдин УКМКнын имаратына кирип бара жаткан видеосу интернетке тарады (хронология, фото, видео)

Бүгүн, 8-августта Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы кайрадан башталды. Анын жүрүшүндө экс-президентти УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлери кармап, тергөөгө алып келишти. "Ала-Тоо" аянтына чогулган Атамбаевдин тарапташтары ар кайсы жакка тарап жатышат.

2019-08-09 23:25:00

"Ала-Тоо" аянтына баруучу жол ачылып, учурда унаалар каттап жатат. Чогулган эл ар кайсы жакка тарап баштады.

2019-08-09 23:15:00

Ички иштер министрлигинин алдына 4 автобус менен милиция кызматкерлери келди. Алар борбордук аянтты көздөй бара жатышат.

2019-08-09 21:14:00

Алмазбек Атамбаев ИИМдин имаратына алынып келди.

2019-08-09 20:30:00

Кой-Ташта экс-президенттин тарапташтары менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы жаңжал курчуп жатат. Кошумча күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери келип жатканын жеринде жүргөн кабарчыбыз маалымдады. Ал эми Кой-Таш айылынын тургундары ат минип келишти.

2019-08-09 19:40:00

Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна саат 18:50дө 5 жабырлануучу келип түшкөн. Алардын төртөө октон жаракат алган күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери. Ал эми 1 жабырлануучу Атамбаевдин тарапташы болгон. Ал үн чыгаруучу гранатадан жаракат алган. Алардын ден соолугу канааттандырарлык.

2019-08-09 16:41:00

Кой-Ташта кайрадан абал курчуду. Болжол менен учурда 100-150дөй укук коргоо органдарынын кызматкерлери жүрөт.

Кой-Таш айылынан Бишкектин чет жакасындагы Көк-Жар айылына чейинки аралыкта 5 блокпост орнотулду. Анын ар биринде 50дөн 150гө чейин укук коргоо органдарынын кызматкерлери бар.

2019-08-09 00:37:00

Интернетке Алмазбек Атамбаевдин УКМКнын имаратына кирип бара жаткан видеосу тарады.

2019-08-08 23:10:00

Милиция кызматкерлери Бишкектин борбордук аянтына чогулгандарды таратуу үчүн келишти.

2019-08-08 22:42:00

Экс-президенттин тарапташтары учурда Ак Үйдү көздөй бара жатышат.

2019-08-08 22:17:00

Экс-президенттин тарапташтары Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтына чогулуп, борбордук аянтка баруучу жолду жабышты.

2019-08-08 21:58:00

УКМКга Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарёв келди.

2019-08-08 21:43:00

Алмазбек Атамбаев УКМКнын имаратында.

2019-08-08 21:21:00

КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева экс-президент Алмазбек Атамбаевди УКМКга алып кеткенин айтты.

2019-08-08 21:17:00

ИИМдин имаратына Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы дагы алынып келди.

2019-08-08 21:00:00

Ичинде Атамбаев бар деп айтылган унаалар Кой-Таштан Бишкекке жетти.

2019-08-08 20:49:00

Кой-Таштан ылдый кеткен трассанын ар бир кесилишинде элдер милициянын жолун тороп жатышат.  

2019-08-08 20:17:00

Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн тик учак менен алып кетти деген маалыматтарды айрым басылмалар жазууда. Экс-президенттин Кой-Таш айылынан жол аркылуу алып чыгып кетүү мүмкүн болгон эмес. Ошол себептен аскердик базадан учуп барган тик учактардын бирине салып кетишти деп жазылат маалыматтарда.

2019-08-08 20:11:00

Кой-Таштан Бишкекти көздөй чыкмакчы болгон 100дөй адамга карата милиция кызматкерлери атайын каражаттарды колдонуп, өткөрбөй жатышат. Учурда күч органдары менен Атамбаевдин тарапташтарынын ортосунда кагылышуу болуп жатканын жеринде жүргөн кабарчыбыз билдирди.

2019-08-08 20:03:00

Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнөн чыккан 6 жеңил унаа ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына келүүсү күтүлүүдө. Учурда ИИМдин имаратынын алдына милиция кызматкерлери, ошондой эле калканыч куралдары менен кошо келген күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери чогулууда.

2019-08-08 19:30:00

Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө аскердик унаа бузуп кирип, анын артынан 10 чактыдай жеңил унаа кирип барды. Атамбаевдин үйүнө кирип барган унаанын артынан 10 чакты жеңил унаа кирген. Андан кийин ал унаалардын алтоо катарлаш өтө тез ылдамдык менен Бишкек шаары тарапты көздөй кетишти.

2019-08-08 19:28:00

Орусиялык ЖМКлар узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Алмазбек Атамбаев күч органдарынын колуна түшүп берди деп жазышууда. 

2019-08-08 19:26:00

Көк-Жардагы Атамбаевдин тарапташтарынын тобу 2-блокпостко жетти. Атышуулар болуп жатат.

2019-08-08 18:48:00

Атамбаевдин тарапташтары Панорамадагы милиция кызматкерлерин кубалашып, жолду ачышып Кой-Ташты көздөй бара жатышат.

2019-08-08 18:35:00

Көк-Жардан баштап Кой-Ташка чейин жол боюнда күч кызматкерлерин алып келген 50гө чукул автобус турат.

2019-08-08 18:25:00
Көк-Жар айылынан Кой-Ташка баруучу жолду тороп турган милиция кызматкерлеринин жоон тобун Атамбаевдин тарапташтары таш бараңга алып, аларды таратып жиберишти. Эл унаалар менен Кой-Ташты көздөй бара жатышат.
2019-08-08 18:19:00

Кой-Таштын тегерегиндеги айылдарда миңдей укук коргоо органдарынын кызматкерлери жүрүшөт.

2019-08-08 18:17:00

Атамбаевдин резиденциясына 1 миңден ашык аскер кызматкерлери кирип кетишти. Жүздөгөн тарапташтарын милиция кызматкерлери тоону көздөй кубалашты. Адырда өрт болуп жатканын жеринде жүргөн кабарчыбыз билдирди. 

2019-08-08 18:13:00

Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү курчоого алынды. Ал жакта 1000дей күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жүрүшөт.

2019-08-08 17:54:00

Көк-Жар айылынан баштап Кой-Ташка кетүүчү жолду милиция кызматкерлери тосуп, эч кимди өткөрбөй жатышат. Бир гана "Тез жардам" кызматынын унааларын өткөрүшкөнүн жеринде жүргөн кабарчыбыз маалымдады. 

2019-08-08 17:36:00

Кечээ күндөн бери Кой-Таш айылында интернет жок болсо, бир саатка чукул убакыттан бери телефон байланыш да жок болуп жатат.

2019-08-08 17:17:00

Кой-Ташка бара жаткан жолдо 5 "Тез жардам" кызматынын унаалары турат.

2019-08-08 16:30:00

"Форумдун" алдында өтө турган митингге келгендер Кой-Ташка барууга камданып жатышат.

Алмазбек Атамбаев УКМКнын имаратына кирип бара жатат

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
JENTLEMAN
2019-08-08 17:53:13
Супер.инфо, Форум деген жер барбы шаарда? Же арким чогулган жерди эле Форум деп атап коюп жатасыңарбы?
-1
Гүлжан Асанкожоева
2019-08-08 17:58:44
JENTLEMAN, "Форум" - СДПКнын кеңсеси жайгашкан имарат, бизнес борбору.
0
Mashyrbek
2019-08-08 17:54:49
Элге тийбей Атамбевди кармаш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан