Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө аскердик унаа бузуп кирип, анын артынан 10 чакты жеңил унаа кирип барды. Мындай маалыматты жеринде жүргөн кабарчыбыз маалымдады.
Атамбаевдин үйүнө кирип барган аскердик унаанын артынан 10 чакты жеңил унаа кирген. Мындан соң тарапташтар жакка көздөн жаш агызуучу жана кулак тундуруучу атайын каражаттар ыргытылып, аларды таратып жиберишти. Андан кийин ал унаалардын алтоо катарлаш өтө тез ылдамдык менен Бишкек шаары тарапты көздөй кетишти. Ичинде КСДП партиясынын пресс-кызматчысы Кундуз Жолдубаева бар. Анын жанындагы ак көйнөкчөн адам Алмазбек Атамбаев болушу мүмкүн деген божомол бар. Мындан улам, Алмазбек Атамбаев кармалган болушу мүмкүн деп айтылууда. Ал эми блок-посттордо атышуу токтой элек.