Мухаммедкалый Абылгазиев каза болгон жоокердин үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүү тапшырмасын берди

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт мүчөлөрү менен кеңешме өткөрүп, мамлекеттик органдардын жетекчилерине жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүүнү активдештирүү, укук тартибин жана коопсуздукту камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Кеңешменин жүрүшүндө ал керт башынын кызыкчылыгы үчүн элдин биримдигине коркунуч келтирүүгө эч кимге жол берилбестигин айтты.

"Кечээги түн баарыбыз үчүн абдан тынчсыздануу менен өттү. Эл Кой-Таш айылындагы кырдаалга кабатырлануу менен байкоо салып турушат. Өзүн мыйзамдан тышкары койгон адам жеке кызыкчылыктарын коргоо үчүн адам өлтүрүүгө чейин даярдыгын көрсөтүп жатат. Ошону менен катар абалды курчутуу жана жагдайды күчөтүү үчүн ар түрдүү ыкмалар колдонулду. Буга карабастан, биздин жарандар элибиздин тагдырына кайдыгер карабай турганын көрсөтүштү. Тилекке каршы, кечээги түн курмандыксыз өткөн жок. Атайын даярдыктагы кызматтын каза болгон жоокеринин туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам",- деди өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев маркумдун үй-бүлөсүнө тиешелүү жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан