Атамбаевдин үйүнөн катуу ылдамдыкта чыккан 6 унаа ИИМдин имаратына келүүсү күтүлүүдө

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнөн чыккан 6 жеңил унаа ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына келүүсү күтүлүүдө. Учурда ИИМдин имаратынын алдына милиция кызматкерлери, ошондой эле калканыч куралдары менен кошо келген күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери чогулууда.

Буга чейин белгилүү болгондой, Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн бузуп кирип, барган аскердик унаанын артынан 10 чакты жеңил унаа кирген. Мындан соң, тарапташтар жакка көздөн жаш агызуучу жана кулак тундуруучу атайын каражаттар ыргытылып, аларды кууп таратышкан. Андан кийин ал унаалардын алтоо катарлаш өтө тез ылдамдык менен Бишкек шаары тарапты көздөй кетишкен. Ичинде КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева бар. Анын жанындагы ак көйнөкчөн адам Алмазбек Атамбаев болушу мүмкүн деген божомол айтылган.

Кундуз Жолдубаева: "Бизди ИИМге алып баратышат"
ИИМ Атамбаевди Кой-Таштан алып кеткендеги видео
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан