Беларусь премьер-министри Сергей Румас бүгүн, 8-августта Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйынына катышуу үчүн Кыргыз жергесине иш сапары менен келди.
Аны Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алганын өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Сергей Румасты өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кабыл алары күтүлүүдө.
Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын катышуусундагы кезектеги жыйын 2019-жылдын 9-августунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтөрү маалымдалган.