Бүгүн, 8-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо аракетинин экинчи жолку жыйынтыгы менен ал Кой-Таштагы үйүнөн Бишкекке алып келинди. Анын үйүнө күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери аскердик унаа менен бузуп кирип, бир нече убакытка созулган сүйлөшүүлөрдөн соң алып чыгып кетишти. Унаада Алмазбек Атамбаев, КСДП партиясынын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева, Фарид Ниязов жана башкалар алып келинген. Алар алгач УКМКнын имаратына келип Алмазбек Атамбаевди таштап, калганын ИИМдин имаратына алып кетишти. Атамбаевдин ИИМге келген жактоочусу Сергей Слесарёв укук коргоо кызматкерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, УКМКга барып Атамбаевге жолугууга мүмкүнчүлүк алганын айтты. Ошондой эле ал Атамбаевди кармап кетүү мыйзамсыз иш-аракет болду дейт.
"Мага Алмазбек Атамбаев менен жолугушууга уруксат берилди. Экс-президентти кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн 2 жолу жасалган операциясы эмнеге аткарылганы, мага жана Алмазбек Атамбаевге тергөөнүн жүрүшүндө кандай документтер берилери тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул суроолорго ИИМ тарабынан кандайдыр бир тиешелүү делген жооптор болду. Сүйлөшүүлөрдүн баары эле Атамбаевдин Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча суракка күбө катары чакырылышы боюнча жүрүп жаткан. Анан бул нерсе экс-президентти кармоо аракетине чейин келип жетти. Жазык кодексиндеги мыйзамга ылайык, өз кызматын иштеп бүткөн президент эч качан кандайдыр бир кылмышка шектелип кармалбашы керек. Ошол себептен аны күч колдонуп кармап кетүү мыйзамсыз нерсе. Бирок акыры бул ишке ашты жана мен муну мажбурлап кармап келүү деп эсептейм. Ал эми Алмазбек Атамбаевдин резиденциясында жаралган башаламандык, мыйзам бузуулар кандай формада болгонун менимче бардыгыңыздар эле көрдүңүздөр", - деди жактоочу Сергей Слесарёв.
Бүгүн Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алды. Буга чейин кечээ, 7-августта болгон операция ийгиликсиз аяктап, андан 36 адам жаракат алып, 1 атайын даярдыктагы кызматтын аскери каза болгон.