Бүгүн, 8-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы кайрадан жанданган. Анын жүрүшүндө күч түзүмдөрү менен тарапташтардын ортосунда кагылышуу орун алып, 20 адам ооруканага кайрылды. Алардын ичинен 8 адам Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна, 9 жабырлануучу Кыргыз илимий институтуна жана 3 адам Улуттук госпиталга келип түшкөн.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 16 адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жиберилген.
2 жабырлануучу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жатат. Алардын биринин баш мээси катуу чайкалган. Абалы оор болуп оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Экинчи бейтап патология бөлүмүндө, абалы орто.
1 адам Улуттук госпиталдын микрохирургия бөлүмүнө контузия диагнозу менен кайрылган. Абалы туруктуу оор деп бааланууда. Дагы 1 жабырлануучу оор абалда хирургия бөлүмүнө келген.
Маалымат үчүн:
7-8-август күндөрү жалпысынан медициналык жардам алуу үчүн 98 адам кайрылды. Алардын бири УКМКнын "Альфа" атайын даярдыктагы башкармалыгынын подполковниги болгон. Ал алган жаракатынан улам каза болду. Мындан тышкары күч түзүмдөрүнүн дагы 11 кызматкери аскердик госпиталга которулган. 13 жабырлануучу стационардык дарыланууга жиберилген.
Жалпысынан 83 бейтап амбулатордук жардам алышкан.