Алмазбек Атамбаевдин Ак Үйдүн алдына келген тарапташтарын милиция кызматкерлери туш тарапка кубалап жатат

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди бүгүн, 8-августта Кой-Таштагы үйүнөн күч түзүмдөрү кармап кеткенден кийин анын тарапташтары борбордук "Ала-Тоо" аянтына келишти. Чогулгандардын саны азырынча белгисиз. Алар агылып Ак Үйдү көздөй барышты. Учурда ар кандай ураандарды айтып кыйкырып жатышат. Жеринде жүргөн кабарчыбыздын айтымында, аларды баштап жүргөн лидер көрүнбөйт. Ошондой эле ИИМдин кызматкерлери аларды таратуу аракетин көрүп жатышат. Учурда көз ачыштыруучу жана кулак тундуруучу атайын каражаттарды колдонушууда. ИИМдин имараты тараптан Ак Үйдү көздөй дагы 4 автобус менен милиция кызматкерлери жөнөдү.

КСДП: “Атамбаевди УКМКга алып кетишти“
Ала-Тоо аянтындагы азыркы абал
Ала-Тоо аянтына элдер чогулууда
Ак Үйдүн алдына келген Атамбаевдин тарапташтары кубалап жатышат
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан