8-августта президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы кызматташуусун талкуулашты.
Өзбекстандын башчысы кыргыз элине даанышмандык, тынчтык жана туруктуулук каалады.