Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Биринчи Май райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Атамбаев 26-августка чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соттун судьясы Адылбек Субанкулов кабыл алды. Атамбаевдин баш коргоо чарасы соттук залда эмес, УКМКнын аймагында каралганы айтылууда.
Атамбаев Жазык кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгү “кылмышка кошо катышуу” жана 319-берененин 2-бөлүгү “коррупция” беренелери боюнча шектелүүдө.
8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алды. Буга чейин 7-августта болгон операция ийгиликсиз аяктап, андан 36 адам жаракат алып, 1 атайын даярдыктагы кызматтын аскери каза болгон.