Атамбаевди кармоо операциясында көз жумган атайын даярдыктагы жоокер Үсөнбек Ниязбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкек шаарындагы 7-кичи районунда болуп жатат.
Интернет колдонуучу Болот Темиров УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына келгенин жазып, видео жүктөдү.
Маркум Ниязбеков УКМКнын "Альфа" атайын даярдыктагы башкармалыгынын подполковниги болгон. Ал 7-августта Атамбаевди кармоо операциясында алган жаракатынан улам көз жумган.
Видео интернет колдонуучунун баракчасынан алынды.