Жалал-Абад. Шаардын мэри: "Кудайдан корккон партияга добуш бердим"

Шаардын мэри Бакыт Адылов бүгүн өзү жашаган Достук кичи шаарчасындагы №21-мектептеги шайлоо участкасынан добуш берди. "Мен ойлойм, шайлоонун жыйынтыгына жараша шаардын микроструктурасы, архитектуралык курулуштары, жалпы калктын жашоосунда чоң өзгөрүүлөр жүз берет жана шайлоо адилет өтүүсүнөн үмүтүм чоң",- деди ал өз сөзүндө. Ал эми өз тандоосу тууралуу суроо узатканыбызда: "Мен тандаган партиянын негизин жаштар жана Кудайдан корккон ыйман жолундагы адамдар түзөт. Элибиздин азыркы турмушунда эң негизги илдет деп саналган коррупцияны жок кылууга ошол партия толугу менен күрөшө алат деген ишенимдемин. Атуулдук милдетимди аткаруу менен биргеликте мен тандаган партиянын талапкерлери ар бир добуш аларга аманат экендигин билишет жана ишенимибизди ашыгы менен актайт деген ишеним менен добушумду бердим",- деп жооп берди. Кошумчалай кетсек, өкмөттүн облустагы өкүлү Жусубалы Төрөмаматов каттоодон Бишкек шаарында өткөндүгүнө байланыштуу шайлоого катыша алган жок.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан