"Фарид Ниязов "барымтага алуу" беренеси боюнча кармалды" деп бүгүн, 9-августта SUPER.KG порталына КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымында, бүгүн сотто Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасы каралышы мүмкүн.
8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алды. Буга чейин 7-августта болгон операция ийгиликсиз аяктап, андан 36 адам жаракат алып, 1 атайын даярдыктагы кызматтын аскери каза болгон. Атамбаевдин тарапташтары атайын даярдыктагы жоокерлердин айрымдарын барымтага алышкан. Бирок алар атайын даярдыктагы жоокерлерди элдин тобунан коргоп калышканын айтышууда.