Бүгүн, 9-августта Бишкек шаарындагы 7-кичи райондо маркум спецназ Үсөнбек Ниязбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө. Ага маркумдун кесиптештери, дос, тууган, санаалаштары жана бир катар аткаминерлер келди.
Анын арасында УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, президенттин аппарат башчысы Досалы Эсеналиев, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков келип, Ниязбековдун жакындарына көңүл айтышты. Акыркы сапарга узатуу зыйнатында спецназдын апасы сөз сүйлөп, баласынын өлүмүнө себепкер болгондор жазасын алыш керек деген оюн айтты.
"Биз Атамбаевди алты жыл президент деп келдик. Эми уулум анын үйүнөн көз жумду" деди ал.
Маалым болгондой, Ниязбековдун артында 4 уулу, 2 кызы жана жубайы калды. Ал 7-августта Атамбаевди кармоо операциясында алган жаракатынан улам көз жумган. Маркумдун өмүр баяны бул шилтемеде.