Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында көз жумган атайын даярдыктагы жоокер Үсөнбек Ниязбековду бүгүн, 9-августта акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Анда маркумдун түгөйү Асанбек Ниязбеков сөз сүйлөп, эгизин эскерди.
"Эгизим Үсөнбек эми түбөлүк жүрөгүмдө жашайт" деди ал.
Буга чейин маалымдалгандай маркум менен коштошуу зыйнаты Бишкектеги 5-кичи районунда өттү. Ага анын үй-бүлөсү, туугандары, достору, кесиптештери жана бир катар аткаминерлер келип катышты.
Үсөнбек Ниязбеков 7-август күнү Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын жүрүшүндө алган жаракатынан улам көз жумган. Артында 4 уул, 2 кызы калды.