8-августтан 9-августка караган түнү Бишкекте орун алган башаламандыктан бир катар муниципалдык жасалгалар жана башка буюмдар талкаланган. Бишкек мэриясы аларды калыбына келтирип жатканын маалымдады.
"Жалпысынан шаар ичиндеги 84 темир тосмолор талкаланган. Токтогул жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштанды салуучу контейнерлер өрттөлүп, Ахунбаев жана Бөкөнбаев көчөлөрүндөгү "Коопсуз шаардын" камералары талкаланган.
Ал эми "Ала-Тоо" аянтындагы арчанын түрү отургузулган карапалардын жыгач каптамалары сынган. Гүлдөр тебеленип, 6 фотостенддин айнеги талкаланган. Көк-Жар айылына баруучу жолдун боюндагы металл тосмонун 25 метри бузулган. Күч түзүмдөрү үчүн жиберилген 29 эски автобустун айнектери талкаланган", - деди маалымат кызматынан.
Учурда келтирилген чыгымдардын жалпы суммасы эсептелинип жатканын аталган ишканадан кошумчалады.