Аламүдүн районунда жергиликтүү милиция кызматкерлери 5 адамдан турган куралчан топту колго түшүрдү. Маалыматка ылайык, 3-август күнү саат 03:15 чамасында белгисиз 6 адам мас абалында Алма-Ата көчөсү менен айланып өтмө жолдун (объездная) кесилишиндеги "Алматы" кафесине киришип, ал жерде эс алып жаткандарга карата ок чыгарышкан. Жабыркагандар жок. Окуя болгон жерге СОБРдын (ыкчам чара көрүүчү атайын бөлүм) кызматкерлери менен ыкчам иликтөө тобу келишип, окуя болгон жерде бир нече ок-дарынын калдыктарын табышты. Андан соң ыкчам издөө аракети көрүлүп Хонда Степвагон машинасы кармалган. Унааны текшергенде бир нече колдонулган гильза табылып, кылмышка шектүү катары Ош облусунун 5 тургуну колго түштү. Алар: 32 жаштагы Ж.Мелис, С.Нургазы, 30 жаштагы М.Айбек, К.Дурусбек жана 31 жаштагы А.Нурбек. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.