Алмазбек Атамбаевдин иши боюнча эки депутат айым жана анын кеңешчиси сурактан чыга элек

Бүгүн, 9-августта Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова Ички иштер министрлигине суракка чакыртылган. Аны ИИМдин 4 кызматкери келип суракка алып кеткенин SUPER.KG порталына КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов билдирди.

"Мындан сырткары, депутат Ирина Карамушкинаны да Ички иштер министрлигинин кызматкерлери келип суракка алып кеткен. Ошондой эле КСДПнын өкүлү жана Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева да саат 12:00дө Ички иштер министрлигине сурак берүүгө кирип кеткен боюнча чыга элек. Азыркы убакытка чейин үчөө тең байланышка чыга элек", - деп билдирди Турдукулов.

Айта кетсек, кечээ, 8-августта Жолдубаева атайын кызматтын жоокерлерин барымтага алуу боюнча Ички иштер министрлигинде күбө катары сурак берген. Ошондой эле, 8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алды. Буга чейин 7-августта болгон операция ийгиликсиз аяктап, андан 36 адам жаракат алып, 1 атайын даярдыктагы кызматтын аскери каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан