14-августтан 16-августка чейин республиканын аймактарында жамгыр жаайт. Абанын температурасы кескин төмөндөшү күтүлөт

9-10-августта республиканын аймактарында нөшөрлүү жамгыр жаайт. Мындай аба ырайына байланыштуу Ысык-Көлдүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү күтүлөрүн Кыргызгидрометтен билдирди.

14-16-август аралыгында Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт.

Ал эми Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде нөшөрлөп жамгыр жаайт. 15-16-августта бийик тоолуу аймактардагы жамгыр карга айланышы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы кескин түрдө төмөндөшү мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан