Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков сурактан чыга элек. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта SUPER.KG порталына КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов билдирди.
Белгилүү болгондой, экс-депутат Ички иштер министрлигине саат 15:00гө атайын даярдыктагы жоокерлерди барымтага алуу боюнча суракка чакырылган.
"Равшан Жээнбеков 2 жарым саттан ашык убакыттан бери суракта отурат. Азырынча ал байланышка чыга элек. Бүгүн, Мээрбек Мискенбаев да суракка чакырылган, бирок ал каякта экенин билбейбиз", - деди Турдукулов.
8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алды. Буга чейин 7-августта болгон операция ийгиликсиз аяктап, андан 36 адам жаракат алып, 1 атайын даярдыктагы кызматтын жоокери каза болгон.