Таиландда өтүп жаткан футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугунда "EREM” командасы кореялык "Star FS Seoul" командасын утуп алды.
Бүгүн, 9-августта А тайпасындагы командалардын беттешинин экинчи туру болду. Анда "EREM” командасынын оюнчулары кореялык атаандашынын дарбазасына 5 гол киргизип, 5:3 эсебинде жеңишке жетишти. Беттештеги голдорду Максат Алимов, Азамат Меңдибаев, Манас Абдурасул уулу жана Салимбай Юлдашев киргизди.
11-августта "EREM" Таиланддын "Thai Port FC" клубу менен кез келет. Тайпалык оюндардын жыйынтыгы менен биринчи, экинчи орунду ээлеген командалар плей-офф баскычына чыгышат.
Буга чейин "EREM" командасы кытайлык "Shenzhen Nanling Tielang" клубуна 3:8 эсебинде утулуп калган.
Клубдар арасындагы Азиянын чемпиондугу 7-августтан 17-августка чейин Таиландда өтөт.