Ысык-Көлдө жүргүнчү ташып бара жаткан автобус жеңил унааны сүзүп алды

Ысык-Көлдө жүргүнчү ташыган автобус жеңил унааны сүзүп алды. Кырсык 11-августта Тамчы айылына жакын жерде орун алган.

Шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, автобус Бостериден Тамчыны көздөй бара жатып Лексус унаасын артынан барып сүзгөн.

"Айдоочу ортодогу аралыкты сактаган эмес. Жол кырсыгынын кесепетинен жабыркагандар жок. Автобустун ичинде чет элдик жарандар болгон эмес. Ал эми Лексус унаасында 2 адам болгон, алардын бири Орус жараны. Келтирилген материалдык чыгымдарды эки тарап өз алдынча сүйлөшүп алышкан", - дейт басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан