Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште кыргыз балбандары 4 медаль тагынышты

Каныбек ЖолчубековГрек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште кыргыз балбандары 1 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медаль тагынышты. 7-августтан 11-августка чейин Грузиянын борбору Тбилисиде өткөн "Tbilisi 2019 Intr. Tournament V. Balavadze and G. Kartozia" турнирине 11 кыргыз балбаны катышкан.

Финалда Каныбек Жолчубеков 60 килограмм салмак ченинде Жоламан Шаршенбеков менен күч сынашмак. Бирок балбандар бири-бири менен күрөшүүдөн баш тартып, калыстар жеңишти Жолчубековго ыйгарган.

Амантур Исмаилов 67 килограмм салмакта күч сынашып, 2-орунду камсыздаган. Ал эми Атабек Азисбеков 87 килограмм салмак ченинде беттешип 3-орунду ээлеген.

Мындан тышкары, 4 балбан 5-орунду багындырган. Алар:

Тынар Шаршенбеков 63 килограммга чейин;

Кайрат Түгөлбаев 77 килограммга чейин;

Үзүр Жузупбеков 97 килограммга чейин;

Мурат Рамонов 130 килограммга чейин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан