Бишкекте алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип жаткан жаран кармалды. Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, шектүү 2 унааны узак убакытка бөлүп төлөө келишими менен алып, аны күрөөгө коюп качып жүргөн.

"26-июлда Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө К.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда Б.А. аттуу киши Мерседес-Бенц Спринтер 211 жана Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү эки унааны (жалпы суммасы 18 миң 300 доллар) узак убакытка бөлүп төлөө келишими менен алган. Унааны алган жаран 2 миң 900 доллар каражатты төлөп, калган акчаны 1 ай ичинде берерин убадалаган. Кийинчерээк Б.А. унааларды күрөөгө коюп, 7 миң доллар акча алганы белгилүү болгон. Муну менен ал жабырлануучуга 16 миң 400 доллар зыян келтирген.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине алдамчылык беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү катары 42 жаштагы Б.А. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген", - дейт маалымат кызматынан.

Сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо укук коргоо органдарына маалымат берүүнү милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 0(709)76-76-06, 0(557)76-76-27 жана 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baku88
2019-08-13 20:09:36
Суроттогу жарандан жабыркагандар болсо байланышкыла деп туруп козун жаап койгонунар эмнеси
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан