Кечээ, 6-августта саат 11:20да куткаруучулар 2-августта саат 13:10 чамасында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагындагы Чу дарыясына чөгүп кеткен 1961-жылы туулган И.Курманбетовдун денесин таап, туугандарына өткөрүп беришти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.