Жыл башынан бери Ош шаарында өрт кырсыгынан 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Бул тууралуу ӨКМнын Ош шаардык өрткө каршы күрөшүү кызматы билдирди. 7 айдын ичинде шаарда 115 өрт кырсыгы катталган. 2012-жылы 4 миллион сомдон ашык чыгым келтирилип, 1 адам каза болсо, быйыл 4 адам өрттүн кесепетинен көз жумду. “Өрт кырсыгы дагы, адам өмүрүнүн кыйылышы дагы жылдагыдан өстү”,- деп билдиришти аталган кызматтан.