АКШда шамалга учкан күндөн коргоочу кол чатыр 13 жаштагы баланын колуна сайылып калды

АКШда шамалга учкан күндөн коргоочу кол чатыр 13 жаштагы баланын колуна сайылып калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя Массачусетс штатында орун алган. Анда суунун жээгинде сейилдеп жүргөн баланын колуна катуу шамалга учкан күндөн коргоочу кол чатыр сайылып калган.

"Жабырлануучуга жардамга ошол жерде эс алып отургандар чуркап келген. Бир нече адам ал баланын колун катуу таңып, дароо "Тез жардам" чакырышкан. Ооруканага жеткирилген балага медициналык жардам көрсөтүлүп, дарыгерлер убакыттын өтүшү менен жарааты калыбына келерин билдиришкен", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tolkun555
2019-08-14 13:06:04
Эми эмне деген жанылык болду.Мексикада окуучу бала жыгылып колуна тикен кирип кетти.аны жанындагы адам ийне менен тазалап койду....дегендей болуптур
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан