Жети-Өгүздө сел бузуп кеткен жолдор оңдолууда

6-августта өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Жети-Өгүз районунун сел каптаган айылдарында болду. Кырдаал менен таанышып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Сел жууп кеткен көпүрө жана дамбаларды калыбына келтирип, бузулган жолдорду оңдоо үчүн министрлик техника жана күйүүчү май бөлүп берди. Учурда бузулган жолдорду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Министр Боронов көйгөй жоюлуп, элди сугат суу менен камсыздоо жакын арада чечилерин билдирди. Эске салсак, 3-август күнү катуу жааган жамгырдан улам Тосор, Барскоон, Кызыл-Суу айыл аймактарында тоодон ылдый сел жүрүп, дамба жана көпүрөлөр жабыркаган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан