Балбан Мээрим Жуманазарова жаштар арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда жарым финалга чыкты

Балбан Мээрим Жуманазарова жаштар арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда жарым финалга чыкты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, турнир Эстониянын Таллин шаарында өтүп жатат. Жуманазарова 68 килограммга чейинки салмак ченинде 3 атаандашын жеңген. Жарым финалда ал америкалык спортчу Жейден Лэйт Лаурент менен кез келет.

Мындан сырткары, 59 килограммга чейинки салмак ченинде Назира Марсбек кызы күч сынашкан. Ал чейрек финалда япониялык спортчудан жеңилип калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
JENTLEMAN
2019-08-14 19:28:54
Биздикилер бүт эле финалдан кайтып жатышат, мунусунда кантеер экен эми, алтынды илип кете алаар бекен? Бирок кыйын чындыгында алтынды багындырыш.
-1
Shabi
2019-08-14 19:59:01
Ийгилик жана даагы ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан